Мындай оюн бүгүн “Ачык саясат”, “Назар” гезиттеринин ээси Бабырбек Жээнбеков маалымат жыйында билдирди. Ал “Алиби” жана өлкөдө катталган миңден ашуун өкмөттүк эмес гезиттер аркылуу да макалаларды жазып, ишмердүүлүгүн уланта берерин айтып, формалдуу болсо да соттун жогорку инстанцияларына кайрыларын кошумчалады.
16-мартта башкы прокуратура “Ачык саясат” жана “Назар” басылмаларына оппозиционер Равшан Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына жолдогон бийликке карата сын көз караштагы кайрылуусун басканы үчүн гезиттерди чыгарууга тыюу салуу сунуштаган. Андан улам кечээ Биринчи май райондук соту аталган гезиттерди басып чыгарууга тыюу салды. Буга чейин аталган басылмалардын редактору Бабырбек Жээнбеков Башкы прокуратурага чакырылып, Р. Жээнбековдун кайрылуусу боюнча түшүнүк кат жазганын “Азаттыкка” маалымдаган. Б.Жээнбеков эки гезитте жарыяланган макалалардын чындыгын далилдегенге аракет кыла турганын белгиледи.(КЕ)