Европа Cоюзу Ирандын өлкөдө европалык радиоберүүлөрдү уктурбоосуна каршы чара көрмөкчү болууда. Биримдиктин Тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбү күнү Брюсселде өтчү жыйынына даярдалган долбоордо Иран бийлиги “сателлит аркылуу берүүлөрдү уктурбоону жана Интернетти цензуралоону” токтотууга чакырылат. Ирандыктар азыр Би-Би-Си, Deutsche Welle жана башка батыштык радиолорду уга алышпайт.