Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

АКШ Пакистан менен келерки жумада стратегиялык маанидеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт


Биринчи жолу уюштурулуп жаткан бул деңгээлдеги сүйлөшүүгө эки тараптан тең кабинет министрлери катышмакчы.

АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук кабарчыларга сүйлөшүү АКШ менен Пакистандын алакасынын өзгөчө бекемделишин билдирээрин маалымдады. АКШнын делегациясын Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жетектемекчи, делегаттардын арасында Коргонуу катчысы Роберт Гейтс, Бирдиктүү штабдын жетекчиси Майк Муллен, экономика, айыл-чарба жана соода тармактарынын жетекчилери болот.

Пакистан тараптан делегацияны мамкатчы Шах Мехмуд Куреши баштап келет, аны менен келе тургандардын тизмесинде армия башчысы Ашфак Каяни, коргонуу, финансы, айыл—чарба министрлери бар.

Пакистан жыйында «тармактык кызматташттыктын он багыты боюнча» сунуш киргизип, ошондой эле америкалык жардам жана өзүнүн өзөктүк (ядролук) программасынын таанылышы тууралуу маселени көтөрмөкчү. Баяндамачылар күн тартибинде террорчулук менен күрөш биринчи орунда болоорун болжошууда.

XS
SM
MD
LG