Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Айрым министрлик, мекемелер түштүк борборго которулат


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 21-мартта Ошто Нооруз майрамы менен элди куттуктоо сөзү учурунда билдирген. Анын айтымында, зарылдыгына жараша мамлекеттик жана өкмөттүк органдардын которулуусу менен Ош өлкөнүн экинчи шаары деген даражага толук татыктуу болот. Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, жакынкы мезгилде Коргоо министрлиги Ошко которулат. Буга чейин түштүк борборго Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Чек ара кызматы которулган.(AiT)

XS
SM
MD
LG