Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

“Ак шумкар” партиясы мэрия, милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп жатат


“Ак шумкар” партиясы 23-мартта Улуттук филармониянын алдында Ынтымак курултайынын делегаттарына жолугуп, өзүнүн кайрылуусун таратат. Ушул тапта партия лидери Темир Сариев мэрия жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Т.Сариев “Азаттыкка” кабарлады. “Ынтымак курултайын чакырып ынтымак кылабыз деп, тескерисинче делегаттарды куугунтуктап, сабап, кубалабагыла. Бизге мүмкүнчүлүк бергиле деп атабыз. Биз делегаттарга Ынтымак курултайда айтчу маселелер сунушталган атайын баракчаларлды, партиянын кайрылуусун таратабыз”, - деди Т.Сариев. Анын айтымында, жолугушууга бүгүнкү саясатка нааразы адамдар, укук коргоочулар, бир топ бей өкмөт уюмдун башчылары, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG