Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Президент кайрылуу жасайт


Мамлекет башчы К. Бакиев бүгүн ынтымак курултайынын катышуучуларынын алдында кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда эки күндүк курултайдын күн тартибинде бир гана маселе –президенттин кайрылуусун талкуулоо болот. Акыркы маалыматтар боюнча Ынтымак курултайынын делегаттары 90% ашуун каттоодон өтүштү. К. Жороев ошондой эле курултайда сөз сүйлөөнү каалоочуларга чек болбосун, бардык катышуучуларга сөз берилерин кошумчалады.
Ынтымак курултайын өткөрүү демилгеси президент К. Бакиев тарабынан көтөрүлгөн. Иш-чарага 750 делегат катышары кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG