Ынтымак курултайынын катышуучуларынын алдында сүйлөп жаткан сөзүндө мамлекет башчы Ынтымак курултайынын милдети бардык тараптарды жакындатуу деп белгиледи. Анын айтуусунда ынтымак-ырашкердик болмоюнча алдыга жылуу болбойт. 24-марттагы ыңкылапты ишке ашыргандардын баарына ыраазылык билдирип, бул күндү Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү даталардын бири деп белгиледи. Ыңкылаптан берки 5 жылдын жарым ич-ара талаш-тартыш менен өттү, мамлекет өрт өчүргүч сымал ар жердеги нааразылык очокторун өчүрүү менен алектенип келди дейт президент К. Бакиев.Ал бүгүн Ынтымак курултайынын ар бир катышуучусунун айткан сөздөрүн баштан-аяк угууга даяр экенин билдирди.(ZKo)