Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Ошто милиция журналисттерге асыла баштады


Окуя болуп жаткан жердеги кабарчыбыздын билдиргени боюнча милиция кызматкерлери митингдин катышуучуларына гана эмес, алардын күч колдонуп жатканын тартып жаткан журналисттерге да асылууда. Алар “Стан ТВ” телекомпаниясынын телекамерасын тартып алып, “Азаттыктын” кабарчысынын фотоаппаратын да тартып алууга аракет кылышкан. Ага митингдин катышуучулары жол бербей, алардын жардамы менен иш-жабдыктар кайра журналисттерге кайтарылып берилди. Митингдин катышуучуларын күч менен таратуу уланууда деп билдирет кабарчыбыз А. Токсонбаев.
Ош шаарында эки жүздөн ашуун киши бийликке каршы митингге чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG