Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

К. Бакиев: Оппозициянын "кетсинден" башка сөзү жок


Ынтымак курултайында сүйлөп жаткан өлкө президенти оппозиция болбосо коом өнүкпөсүн да белгилеп, бирок Кыргызстандагы оппозиция бийликке бир беткей сын айткандан башкага жарабайт деп сынга алды. Президент курултайга оппозиция өкүлдөрү да чакырылганын, бирок алар катышуудан баш тартканын белгилеп, оппозиция өкүлдөрү да ушул жерге келип ой-сунуштарын айтса болмоктугуна токтолду. Өлкө башчы ошондой эле оппозициянын "кетсинден" башка айтар сөзү жок деп сындады.

Оппозициялык бириккен элдик кыймыл бийликтин Ынтымак курултайынан баш тартып, 17-мартта Элдик курултай өткөргөн. Анда бийликке жети талап коюлуп, 24-мартка чейин бул талаптар аткарылбаса жер-жерлерде элдик бийлик орнотууну көздөгөн элдик курултайлар башталаары жарыяланган.(SM)

XS
SM
MD
LG