И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикировдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча митингдин Алайдан келген катышуучуларын милиция автобуска жана кичиавтоунаага күчтөп салып алып кетти. Болжол менен 40 чакты киши. Аларды шаардык ички иштер башкармалыгынын камоочу жайына алып кеткени кабарланууда.
Ошто бүгүн бийликке нааразы болгон адамдар митингге чыгышкан. Аларды милиция күч менен таратты. Ош шаардык бийлиги аларга митингди “Семетей” кинотеатрында өткөрүүгө уруксат берилгенин айтып, имараттын сыртында уюштурулган митинг мыйзамсыз деп эсептейт. Ал эми митингдин катышуучулары элде ижара акы үчүн төлөнүүчү 20 миң сом жоктугун белгилеп, нааразылык иш-чарасын сыртта өткөрүүнү көздөшкөн.(ZKo)