Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

ИИМ: Т.Сариев өз эрки менен милицияга келди


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыштар башкармасынын жетекчиси Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” кабарлады. Ал “Ак шумкар” партиясынын Ынтымак курултайы учурунда филармония алдында өткөргөн жолугушуусу мыйзамсыз болгонун жана ага алдын ала эскертүү берилгенин айтты. “Алар филармония алдында пикет өткөрүүгө уруксат алган эмес. Ал жердеги мыйзамсыз чогулгандарды милиция кармап кеткенде алар менен чогуу партия лидери Темир Сариев өзү да унаага түшүп алды. Ал өзү каалаган убакта чыгып кетсе болот”, - дейт Р. Ахмедов. Маалыматка ылайык учурда кармалгандарга административдик чаралар көрүлүп жатат.

Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушууну каалаган “Ак шумкар” партиясынын 20 чакты мүчөсүн бүгүн саат 8:45те Улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткен. “Ак шумкар” саясий партиясы бүгүн Ынтымак курултайынын делегаттары менен Улуттук филармониянын алдында жолугушуп, курултайдын күн тартибине киргизилүүсүн талап кылган маселелер жазылган кайрылуусун берүүнү көздөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG