Март ыңкылабына жигердүү катышкан, кылмыш кылып кармалган адамдарга карата мунапыс жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке жөнөтүүнү президент Курманбек Бакиев өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кээ бир эксперттер бул айрым оппозиция өкүлдөрүнө тиешелүү экенин айтып жатышат. (КЕ)