Ынтымак курултайында сөз сүйлөгөн “Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдурасулова Кыргызстанда адам укуктары жаатында жетишкендик катары экинчи факультативдик протоколго кол коюлуп, өлүм жазасы алынып салынганын, зордук-зомбулукка каршы протоколго кол коюлганын белгиледи. Ошондой эле жарандардын тынч митингдерди өткөрүүгө болгон укугу басмырланып жатканына, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана анын өкүлдөрүн Биринчи май райондук соттоп жаткандыгына токтолду. “Жарандардын тынч митингдерди өткөрүү укугун тез арада калыбына келтиришибиз керек. Көп маселеде сизди алдап жатышат. Жалал-Абад, Ноокат, Өзгөндө күнөөсү жок адамдар атылды, камалды. Кыйноолордун 90 % милициялар тарабынан болот”, - деди А.Абдырасулова. Ал ошондой эле журналисттердин өлүмү, буюртма өлүмдөрдүн көбөйгөнү, бирок күнөөлүүлөр табылбай жатканын баса белгилеп, азыр абакта жаткан мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун апасы Анипа апанын саламын жана президент Курманбек Бакиев менен жолуктуруу өтүнүчүн айтты. (КЕ)