Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Ошто кармалгандар жарым-жартылай бошотулду


Нааразылык митингине чогулган шаардыктар таратылды. Ал эми алыскы райондордон келген адамдарды ушул тапта да милиция автовокзалдын короосуна камап турат. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча алардын ичинен чөнтөгүндө акчасы барлар автоунаага салынып, келген жагына жөнөтүлүп жатат. Ал эми акчасы жоктор кармалып турушат. Милиция кызматкерлери эртең менен үйүнөн кармап кетишкен “Ата мекен” партиясынын төрага орун басары Төлөгөн Келдибаев да бошотулду. Күч кызматкерлери “электр энергия баасынын кымбатташына каршы” баракчаларднын Ош шаарында таратылып жатканына анын тиешеси бар деген айып менен кармаганын түшүндүрүшкөн.
Бүгүн эрте менен Ош шаарында башкаруу системасына каршылыгын билдирип, саясий куугунтукка кабылгандардын бошотулушун талап кылып митингге чогулган элди милиция күч менен тараткан. Шаардык ИИБ жетекчилиги өз аракетин иш-чарага шаар бийлиги тарабынан уруксат берилбегендиги менен түшүндүрүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG