Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Биринчи май соту "акшумкарчылардын" ишин кароону улантууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиева кабарлады. Анын айтымында, кармалгандардын арасынан эки аксакалды жана төрт кишини эртең менен эч кандай сурагы жок кое беришкен. Калган 18 адам учурда Биринчи май райондук сотунда сурак берип жатышат. Соттук жарянга ЕККУ, БУУнун укук коргоо жаатында иштеген өкүлдөрү, СДП фракциясыны жетекчиси Роза Отунбаева катышууда.

Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушууну каалаган “Ак шумкар” партиясынын жана ага тилектештигин билдирген Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин өкүлдөрүн бүгүн эртең менен Улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG