Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

“Ата Мекен” партиясынын бир өкүлүнө миң сом айып салынды


Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Фарида Абдырасуловага миң сом айып салды. Сот ага филармония алдында бийликке маалымдама бербей, мыйзамсыз митинг өткөрүп, плакаттарды көтөрүп чыкты деген күнөө койгон. Кармалып кеткендер бул чечимди мыйзамсыз деп таап, соттун жогорку инстанцияларына кайрыла турганын билдирип жатышат.

Ынтымак курултайынын катышуучулары менен жолугушууну каалаган “Ак шумкар” партиясынын жана ага тилектештигин билдирген Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин өкүлдөрүн бүгүн эртең менен Улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткен. Бул жолугушууга башка дагы саясий партиялардын өкүлдөрү чыккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG