Бул туурасында “Азаттык” радиосунун угармандары кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Бүгүн Сокулук райондук соту Бишкек шаар башкармалыгынын доо арызына ылайык, 25-март күнү боло турган «Азаттыкты» коргоо пикетине тыюу салган чечим чыгарды. Маалыматка ылайык, 9-март күнү Ө.Токтонасыров Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевге Ак үй алдында пикет өткөрүү тууралуу маалымдама берген. Маалымдамада Ө.Токтонасыров “Азаттык” радиосунунун уктурууларына жана теледолбооруна Улуттук биринчи каналдан уруксат берүү талабы менен Ак үйдүн алдында, жалгыз пикет өткөрө тургандыгы айтылган. Бирок Бишкек шаар башкармалыгы тарабынан маалымдамага жооп берилбестен, Сокулук райондук сотуна доо арыз жолдонгон. (JJ)