Бул тууралуу Ынтымак курултайына Лейлек районунун Исфана шаарынан келген делегат Нэмат Жээналиев билдирди. Анын айтымында, Лейлекте жарык азыр да маал-маалы менен өчүп жаткандыктан, той-топур болгон учурда тажиктерге дасторкон, акчасын көтөрүп барып жарыкты өчүрбөөнү суранып келишет. Ал ошондой эле чек ара маселесине, чек арачы кызматкерлердин алсыз, арык, ачка экенине токтолду. (КЕ)