Бул тууралуу Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети тараткан билдирүүдө жазылган. Билдирүүдө бийлик ынтымак жана улуттук консенсус үчүн деген ураан алдында уюштурган жыйналыш полициянын зомбулугу, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн саясатына макул болбогон адамдарга каршы соттук өзүмбилемдик менен коштолуп жатканы айтылат. Ошондой эле саясий куугунтуктар маселеси боюнча да, конституциялык ыйгарым укуктарды ээлеп алуу маселеси боюнча да, тарифтерди көтөрүү маселеси боюнча да жумурай-журттун ой-санаасын угууга аз да болсо даяр экенин президент көрсөтө албаганы белгиленген. “Элди жупуну болуп, куран окутмайларга чыгым болбоого эки жүздүүлүк менен чакыруу анын сөзүндөгү эң орчундуу учур болду. К. Бакиевдин шайлоолордон баш тартууга үндөгөнү анын элден биротоло оолактап, биздин мамлекеттин конституциялык өңүттөрүн таануудан баш тартканын ырастайт”, - деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети чыныгы элдик бийликти орнотуу боюнча алган багытында ишин уланта берээри белгиленген.
Оппозиция 17-мартта Элдик курултай өткөрүп, бийликке 7 талап койгон. (КЕ)
Оппозиция 17-мартта Элдик курултай өткөрүп, бийликке 7 талап койгон. (КЕ)