Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Түркия-Азербайжан газ кызматташтыгы Армениянын айынан токтоп калды


Түркия менен Азербайжан ортосунда эл аралык Набукко газ кууру боюнча сүйлөшүүлөр Анкаранын Армения менен алакаларын оңдоо аракетинен улам туңгуюкка кептелди. Түркиянын энергетика министри Тахер Йилдиз Баку менен сүйлөшүүлөр бир жарым айдан бери токтоп калганын ырастап, ага саясат себепкер деп кошумчалады. Евробиримдик Набукко кууру аркылуу Каспийдин түбүндөгү көгүлтүр отунду ташып алып, энергетика жаатында Орусияга көз карандылыктан кутулууну көздөп жаткан. Анкара былтыр жыл аягында Ереван менен дипломатиялык мамилелер орнотуу тууралуу протоколго кол коюп, Бакунун нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG