Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Вашингтондо АКШ-Израиль жолугушуусу болду


Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Вашингтондо президент Барак Обама менен жолукту. Ак үйдө өткөн жолугушууда Израилдин Чыгыш Иерусалимде жаңы жөөт конушун куруу планы АКШ-Израиль алакаларына кедергисин тийгизип жатканы сөз болду. Ортодогу чыңалуудан улам Обама менен Нетаньяху чогуу сүрөткө түшүп, же кабарчылар алдына чыгып сүйлөгөн жок. Жолугушуу алдында АКШ Конгрессинин лидерлери менен жолуккан Израилдин премьери жөөт-палестин чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр дагы бир жылга дейре токтоп калышы мүмкүн деп эскертти.

XS
SM
MD
LG