Ынтымак курултайында сөз сүйлөгөн делегат Сагынбек Момбеков өлкө башчыдан “Азаттык” үналгысын уктурууну жандандырууну өтүндү. Ал чындыктын жарчысы болгон “Азаттык” үналгысын калк укпай калганын, убагында өлкө башчы Курманбек Бакиев өзү деле бийликке аталган үналгынын күчү менен келгенин айтып, дилди тазартуучу берүүлөрдү уктурган үналгыга жок дегенде эки саат убакыт берип коюуну суранды. “Башка үналгыларда жалаң эле сүйүүнү айтышат, “Азаттыкта” болсо тил жөнүндө, мисалы, Шайлообек Дүйшеев өңдүү журналисттердин жакшы макалалары ободон кетип турчу эле, деги ушу “Азаттыкты” жаппагылачы” деди С.Момбеков. (AiJu)