Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Тажикстан Өзбекстандын поезддер боюнча түшүндүрмөсүнө канааттанган жок


Тажикстандын өкмөт башчысы Өзбекстандын поезддер техникалык себептерден улам токтоп жатат деген ырастоосун курулай актануу деп четке какты.

Текшерүүдөн кийин темир жолго жаратылыш кырсыктарынан олуттуу зыян келбегени жана поезддер тоскоолдуксуз өтө алмак экени аныкталды. Ошондуктан Тажикстанга пеозддер техникалык себептерден өтө албайт деген курулай актануу, - деди учурда Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу штаб-квартирасында жүргөн Тажикстандын премьер-министри Адыл Акылов.

Өзбекстан Тажикстанга бараткан поезддерди эки айдан бери токтотуп жатат. Азырга чейин Өзбекстандын аймагында курулуш материалдары, алюминий, күйүүчү май жана башка заттар жүктөлгөн бир миңдей вагон токтоп турганы маалым. Бул жаатта Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзбек элчисин чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

XS
SM
MD
LG