Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Ош шаарынын мэри: ыңкылаптан кийин өлкө өнүгүп жатат


Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов жердештерин март ыңкылабынын беш жылдыгы менен куттуктап, өлкөдө болгон жетишкендиктер жөнүндө айтып өттү. Анын айтымында, Курманбек Бакиевдин тушунда Ош шаарына өзгөчө көңүл бурулуп, жакында эле аны 2010-2025-жылдарга өнүктүрүү концепциясы кабыл алынып, бул ишке эки миллиард 225 миң сом ажыратылды. Мындан тышкары президенттин түздөн-түз колдоосу аркасында бир канча улуттук долбоорлор ишке киришти.

Иш-чарага катышкан мыйзамдуулукту коргоо комитетинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиев мындай пикирге макул эмес. Анын оюнча, 2005-жылы бийликке коюлган талаптардын бири дагы аткарылган жок. Бакиев режими Акаевдикинен ашып түштү. Ыңкылап жолбашчыларынын алды камалып, арты атылды. Чындыкты сүйлөгөндөр куугунтукка кабылды. Өлкө демократия нугунан тайып, сөз эркиндиги чектелүүдө. Калк жакырланып бүттү. Ошон үчүн президент беш жыл мурда берген убадасынын үстүндө терең акыл калчап, элди кыйнабастан бир жаңсыл чечим кабыл алууга тийиш. (ATo)

XS
SM
MD
LG