“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын билдирүүсүнө караганда, 25-мартта Женевада БУУнун алдында укук коргоочулар Чолпон Жакупова,Сардар Багышбеков жана Динара Ошурахунова Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама жасайт. Баяндамада саясий куугунтук, журналисттерди уруп-согуу, сөз эркиндигинин кысымга алынышы айтылмакчы. Кыргыз өкмөтү болсо адам укуктарынын абалы боюнча БУУда 5-майда баяндама жасайт.Президент 23-мартта Ынтымак курултайында сүйлөгөн сөзүндө адам укуктарын сактоодо бир беткейлик өкүм сүрүп, коомдун, жаратылыштын укуктары четте калып жатканын билдирген.(AiT)