Вашингтон Израилдин Чыгыш Иерусалимде көп кабаттуу үйлөр блогун куруу планы Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка залака келтирээрин дагы бир ирет белгиледи. Шейшембиде кечинде АКШ президенти Барак Обама жана жөөт премьери Бенямин Нетаняху жабык эшик артында жолугушуу өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгы жарыяланган жок. Бирок Тел-Авив шаршембиде Иерусалимде жөөттөр үчүн жаңы үйлөр куруу иштери өз нугунда улана берет деп ырастады.