Бул тууралуу “Азаттыкка” оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Эмил Каптагев билдирди. Анын айтымында, азыр өлкөнүн аймактарында аткаруу комитеттерди түзүү боюнча иштер башталды. Бишкекте 17-мартта Элдик курултай өткөн. Анда бийликке жети талап коюлуп, аткарылышына 24-мартка чейин мөөнөт берилген. Э. Каптагаев кечээки Ынтымак курултайы бийликтин азыркы саясатынан кайтпасын ырастаганын, ошондуктан оппозиция бийликти кетирүү талабы менен жер-жерлерде нааразылык акцияларды баштаарын айтты. Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайда оппозиция альтернативдүү программаларды сунуштоонун ордуна жалаң сындоого өтүп алды деген болчу. (EBM)