Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев Шаардык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун күзөтүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жыйырма унаа тапшырды. Жаңы чыккан Daewoo Nexia маркасындагы машиналар атайын жабдуулар менен жабдылганын айтты. Алардын ишин мыкты деп баалады. Эгер быйыл унаалардан түшкөн салык эки жүз миллион сомдон ашса, жол коопсуздугун күзөтүүчүлөргө 10 квартира берилет деп убада кылды. 2009-жылы машиналардан түшкөн салык 150 миллиондой сом болгон. Кыргызстанда жол коопсуздугун күзөткөндөргө паракорчулук боюнча бир топ дооматтар коюлуп келет. (EBM)