Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:39

Билим берүү тармагын каржылоо үч эсе көбөйдү


Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев бүгүн Ынтымак курултайдын делегаттары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө кадрлар таңсыктыгы, окуу куралдардын жетишсиздиги өндүү проблемалар бар. Бирок аларды чечүүдө өкмөт жетиштүү аракет көрүп жатат. А. Мусаев соңку үч жылдын ичинде үч жүздөн ашуун мектеп курулганын, ремонт иштерине бир миллиарддан ашык сом бөлүнгөнүн маалымдады. Делегаттар өз кезегинде дагы жаңы мектептерди куруу, спорт залдарды түзүү, окуу куралдар менен камсыз кылуу жана мугалимдерин билимин жогорулатуу боюнча курстарды ачуу керектигин билдиришти. Айрым эл аралык жана жергиликтүү талдоочулар Кыргызстанда акыркы жылдары билим берүүнүн сапаты кыйла төмөндөп кеткенин билдирип келишет. Маселен окуучулардын билим сабатын текшерген PISA эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстан 57 өлкөнүн ичинен эң акыркы орунду алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG