Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Төркеңеш алдыдагы иштер боюнча президент менен кеңешет


Бул үчүн президент Курманбек Бакиев менен эмки жумада жолугушаарын Ынтымак курултайдын Төркеңешинин төрагасы Садыкбек Аблесов билдирди. Анын маалымдашынча, эки күндүк курултайда жүз элүүдөн ашуун адам сүйлөө үчүн жазылган, бирок алардын элүү экисине гана сөз тийген. Төркеңештин төрт жетекчиси курултайда айтылгандарды жана айтылбай бирок жазуу түрүндө берилгендерди ирээттеп, тийиштүү жактарга жөнөтүшкөнү жатат. С. Аблесовдун айтымында, курултайда көбүнчө чарабалык мүнөздөгү маселелер көтөрүлдү. 23-24-март күндөрү Бишкекте ынтымак курултайы өттү. Кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү бул курултай бийликтин азыркы жүргүзүп жаткан саясатынын кайтпай турганын, элдин анык мүдөө-талаптарын аткарбай турганын көрсөттү деп сындап жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG