Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

АКШнын саламаттыкты сактоо мыйзамы кайра добушка салынат


Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын реформалоону караган тарыхый мыйзамга президент Барак Обама эки күн мурда кол койгон эле. Эми документ Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын кароосуна кайтарылганы жатат. Палатада азыр көпчүлүктү түзгөн демократтардын лидери Гарри Риддин өкүлүнүн билдиргенине караганда, оппозициядагы республикачылар мыйзамдан бюджеттик эрежени бузган жана техникалык мүнөздөгү эки жобону табышкан. Эми ошол жоболор мыйзамдан алынуусу керек. Документ Сенатта жана Эл өкүлдөр палатасында бекитилгенден кийин президенттин кайра кол коюусуна берилет.

Жаңы мыйзамга ылайык өлкөнүн 32 миллион жараны медициналык камсыздоого алынат. Барак Обама муну америкалыктардын бир нече мууну күрөшкөн реформа деп атаган. Анын жалпы наркы 938 миллиард долларга барабар.

XS
SM
MD
LG