Бинямин Нетаняхунун сапары Вашингтон менен Тел-Авивдин ортосунда Израилдин конуштарды кеңейтүүсүнө байланышкан талашты чече алган жок. Жөөт өкмөт башчысынын айтымында, бул жатта айрым бир жылыштар болду. Бирок америкалык расмий өкүлдөр Нетаняху менен АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчеллдин кечээги жолугушуусунда эки ортодогу пикир-келишпестиктер жөнгө салынбаганын билдиришти.
Бул аралыкта БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешинде Жакынкы Чыгыш сапары боюнча маалымат берип, Израилдин курулуш пландарын кайрадан сынга алды:
- Мага Чыгыш Иерусалимде, бул жолу араб кварталы ичинде дагы 20 үй куруу пландары жөнүндөгү маалыматтар белгилүү. Буга чейин бир нече жолу айткам, дагы бир жолу билдирем: мындай конуштар эл аралык укуктун көз карашынан алганда мыйзамсыз. Муну токтотуу керек.
Израилдин Чыгыш Иерусалимде жөөттөр үчүн жаңы үй куруу пландарын АКШда сынга алган. Палестиндер Чыгыш Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт.