Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

АКШ менен Орусия өзөктүк курал келишимине Прагада кол койот


Эки өлкө ортосунда өзөктүк куралдарды кыскартууну караган келишимге 8-апрелде кол коюлары белгиленүүдө. Москвадагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, документтин долбоору макулдашылып бүттү. Ал эми Вашингтондон Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс “кээ бир нерселер” али иштелип чыгуусу керектигин, бирок келишим президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев чех башкалаасында кездешкенге чейин аягына чыгарыларын билдирди. Кол коюлуучу документ 1991-жылкы келишимди алмаштырат. Анын мөөнөтү былтыр 5-декабрда аяктаган. Эки өлкө президенттери былтыр июлда кездешкен учурунда жаңы келишимде колдогу өзөктүк дүрмөттөрдүн санын 1500дөн 1675ке чейин кыскартуу караларын айтышкан.

XS
SM
MD
LG