Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Алайкуулуктар кайрадан кар туткунунда калды


Бул туурасында Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн Көгарт, Кан-Коргон айылдарынын жашоочулары “Азаттыкка” маалымдашты. Алардын ырасташынча, кар калың жаагандыктан, район жана облус борборлору менен байланыштырган жападан жалгыз автожол эки аптадан бери жабылуу турат. Жергиликтүү калктын оокат-ашы түгөнүп баратат, ошондуктан, айрым азык-түлүктөр кескин түрдө кымбаттоодо. Алардын жергиликтүү бийликтерге телефон аркылуу кайрылуусунан азырынча майнап чыга элек.

Чукул кырдаал министрлигине чалганыбызда, мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Абдышарип Бекилов Мырзаке-Алайкуу жолунда жети техника күнү-түнү иштеп жаткандыгын, тазаланган жерлерди кар жана жер көчкү кайрадан тосмолоп, кыйынчылык жаратып жаткандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG