Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Айыл өкмөттөрү камкордукка муктаж үй-бүлөлөрдү аныктайт


Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов бүгүн Ынтымак курултайдын айрым делегаттары менен жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынын маалымдашынча, делегаттар көбүнчө социалдык жөлөк пул, айыл чарбасы үчүн кредит, көпүрөлөрдү, мектептерди, арыктарды оңдоо сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Премьер-министр жакынкы күндөрү аймактардагы социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөр аныкталып, анын натыйжасында тиешелүү чечим кабыл алынарын айтты. Оппозиция өкмөттүн энергетика саясатын сынга алып, электр энергиясына жана жылуулукка баалардын кескин өлкөдө жакыр адамдардын санын кескин көбөйтүп жиберерин билдирип келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG