Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

БУУнун өкүлү ооган согушкерлеринин делегациясы менен жолукту


Улуттар уюмунун миссиясынын билдиргенине караганда, Ооганстан боюнча атайын өкүл Стеффан де Мистура бүгүн Кабулда Хезб-и-Ислами деген топтун делегациясы менен жолукту. Мурдагы премьер- министр Гульбеддин Хекметияр башында турган Хезб-и-Ислами Ооганстандагы согушкерлердин экинчи ири тобу деп эсептелет. БУУнун билдирүүсүндө бүгүнкү жолугушууда өлкөгө стабилдүүлүк алып келүү үчүн оогандар өзү башында турган диалогдун маанилүүлүгүнө басым жасалды. Хезб-и- Ислам тобунун Кабулга келген өкүлдөрү буга чейин президент Хамид Карзай менен да кездешкен. Топтун өкүлдөрүнүн айтымында, алар Карзайга 15 пункуттан турган өз планын тапшырган. Анда “чет элдик аскерлердин өлкөдөн кетишинин так мөөнөтүн белгилүү, утурумдук жаңы бийлик түзүү” сунуштары да камтылган.

XS
SM
MD
LG