Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Немец канцлери еврону коргоо зарылдыгын билдирүүдө


Бул тууралуу европалык акчанын америкалык долларга карата курсу төмөндөп, Евробиримдик карызга баткан Грециядагы кризисти кантип жөндөөнүн жолун талкуулап жаткан учурда айтылууда. Немец канцлери Ангела Меркел анын өлкөсү Грециянын карыз кризисинен чыгуусуна жардам кылуу үчүн макулдашууга баруусу мүмкүн экенин билдирди. Бирок Евробиримдиктин Брюсселдеги бүгүнкү саммити алдында немец канцлери тийиштүү эрежеге бирдиктүү валютанын критерийине жооп бербеген өлкөлөрдү евроаймактын стабилдүүлүгүнө зыян келтирбөө үчүн андан чыгарууну караган өзгөртүү киргизүүнү да сунуш кылды:

-Эгер евроаймактын кайсыл бир өлкөсү төлөөгө кудуретсиз болуп калса, бул -бүткүл Европа үчүн, анын ичинде Европанын эң ири немец экономикасы үчүн чоң тобокелчилик.

Грек экономикасына жана карыз көйгөйү Испания, Италия, Португалия, Ирландия сындуу өлкөлөрдөн да чыгып жатканына байланышкан тынчыздануулардан улам кечээ эл аралык базарда бир евро 1 доллар 33 центке бааланды. Бул - евро үчүн акыркы он айдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Евронун курсу бүгүн да түштү. Мунун алдында кытай президенти Ху Цзиньтао проблема Грециянын карыз кризисинен да терең экендигин эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG