Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Пакистанда аба соккулардан согушкер деп шектелген 61 адам мерт болду


Согушкер деп шектелген 61 адам Ооганстан менен чектеш аймакта жасалган аба соккулары учурунда жок кылынганы тууралуу пакистандык расмий өкүлдөр билдирди. Сокку пакистандык талибдердин лидерлеринин көбү армиянын кургактагы операциясына кабылбаш үчүн жашырынып жүрөт деп эсептелген Оракзай чөлкөмүнүн Мамузай деген жерине жасалган. Оракзай – уруулар жашаган аймак. Пакистандын чалгын кызматынын өкүлүнүн айтымында, бутага талиб лидерлери жыйын өткөрүп жатат деп эсептелген диний семинария да алынган. Кабарларда сокку, жергиликтүү мектепке, мечитке да жасалганы айтылууда. Уруулар жашаган аймакка каалагандын эле баары бара албагандыктан, курман болгондордун өздүгүн, аларды саны канча экенин көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG