Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Б.Абдырасаков: Электр зымын кесүү бизнеске айланды


Бул тууралуу билдирген парламент депутаты Бейшенбек Абдырасаковдун айтымында, жаңы конуштарга тиешелүү 220 ввольт электр кубатынын ордуна 120 ввольт эле берилип, ар бир айдын 28де электр кубатына төлөмдөрдү төлөбөйт деп электр тармагынын кызматкерлери зымдарын кесип кетүүдө. “Айлыктар ар бир айдын биринен онуна чейин берилет. Ошондуктан электр төлөмдөрү убагында төлөнбөй калууда. Зымдарын кесип кайра туташтыруудан 478 сомдон айып пул төлөтүп, бул иш-чара бизнеске айланып баратат”,-деди Б. Абдырасаков.

Ал ошондой эле мамлекеттин эсебинен чет өлкөдө билим алган Кыргызстандык 4158 студент өз өлкөсүнө кайра келип иштебегендерин белгилеп, аларга коротулган 75 миллион доллар каражатты билим алгандардан кайтарып төлөтүп алуу маселесин койду.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов мамлекеттин эсебинен “XXI кылымдын кадрлары” программасынын негизинде Кыргызстандык студенттер чет өлкөлөрдөн билим алышаарын, алардын көпчүлүгү окуусун бүткөндөн кийин Кыргызстанга келип иштей тургандай кылып маселе караларын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG