Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Петровка окуясы боюнча оппозиция өкүлдөрүнө 8 жыл суралып жатат


Мамлекеттик айыптоочу Бириккен оппозициянын мүчөсү Эркин Бөлөкбаевди, укук коргоочулар Сапар Аргымбаев, Уран Рыскуловду 8 жылга эркинен ажыратууну сунуш кылды. Петровкадагы ок атты деп айтыпталып жаткан күрт улутундагы тургундар А.Хасанов жана Книяз Куляшовго он жыл , К.Куляшовдун жубайы Элвира Маматкановага алты жыл сурап жатат. Бул тууралуу соттук жарян болуп жаткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Учурда сот уланууда, эми айыпталуучулардын акыркы сөздөрүн сүйлөшөт.

Өткөн жылы 26-апрелде Петровка айлында 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигиттин жазасыз, ээн басып жүргөнүнө нааразы болгон кыргыз, орус улутундагы жергиликтүү эл күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Натыйжада тополоң чыгып, бир нече үй талкаланган. Бул окуяга тиешеси бар, баш аламандык уюштурган деген айып менен 27-апрель күнү оппозициялык ишмер Э. Бөлөкбаев менен жергиликтүү укук коргоочулар С.Аргынбаев, У.Рыскулов камакка алынышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG