Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:26

Өнүктүрүү фонду "Агроазыктүлүккорпорацияга" 1 млрд. сом бөлөт


Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду “Кыргыз агроазык-түлүк корпорация” ишканасына 2010-жылы дыйкандардан айыл чарба продукцияларын, төө буурчак, пахта жана күнкарама сатып алуу үчүн 1 млрд. сом насыя бөлмөкчү. Бул тууралуу бүгүн өткөн жыйында белгилүү болду. Аталган ишкананын башкы директору Шаршенбек Абдыкеримовдун айтымында, учурда насыянын мөөнөтү, канча пайыздан берилери жана насыя берүү шарты такталууда. Ш.Абдыкеримов анын 3-4% менен берилиши ыктымалдыгын да айтты. Ал эми сатылып алынган продукциялардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү тузүлгөн келишимге ылайык аталган ишкана аркылуу Европа өлкөлөрүнө экспорттолмокчу. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG