Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Еврозонадагы мамлекеттер Грецияга карыздан кутулууга жардам берет


Буга чейин Франция менен Германия жардамдын формасын аныктаган сунушту киргизишкен. Аны евро зонадагы 16 мамлекеттин баары жана Эларалык Валюта Кору колдошту. Ага ылайык, Грецияга карыздарынан кутулуш үчүн 22 млрд.еврого тете фонд түзүлөт. Бирок бул акча тез арада которулбайт. Грек өкмөтү кризистик абалдан чыгыш үчүн башка жактардан акча таппай калган күндө гана фонддогу каражат толугу менен же жарым-жартылай берилиши мүмкүн экени айтылды. Муну менен еврону колдонгон өлкөлөр Греция карыздан кутулуш үчүн өзү да аракеттениши зарыл экендигин билдиришти. Грек өкмөтүнүн башчысы Георгиос Папандреоу чечимди колдоду:

"Греция евро зонасында камкордукка алынган жана Европа өтө чоң кадам жасады, - деп айтты премьер-минитр. - Бүгүн биз Греция үчүн эле эмес, жалпы зонадагы валюта – еврону – сактап калуу үчүн маанилүү чечим кабыл алдык. Греция менен биргеликте Европа бул кризистен алда канча кубаттуу болуп чыгат".

Грециядагы кризис орток валюта евронун баалуулугуна да терс таасирин тийгизген. Ушул аптада евро соңку 10 айдан берки эң төмөн деңгээлине жеткен. 1 евро америка долларына эсептегенде 1 доллар 33 центке бааланып калган эле.

XS
SM
MD
LG