Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

Максим Бакиев АКШга II ишкердик форумга барат


Форум 8-апрелде АКШнын Вашингтон шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз-Түндүк Америка соода палатасы кабарлады. Иш-чараны аталган палата АКШнын Соода департаменти менен биргеликте уюштуруп жатат. Мындай форум биринчи жолу 2009-жылы сентябрда Вашингтон менен Нью-Йоркто өткөн. Ага эки жүздөн ашуун адам катышып Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышкан. Өлкөнүн инвестициялык кудуретин талдап, соода-сатыкты өнүктүрүү боюнча талкуу жүргөн. Президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси. Ал бул кызматка ушул жылдын башында бекиген. Алгачкы расмий иш сапарын Кытайга жасаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG