Президент Курманбек Бакиев Туйгунаалы Абдраимовду Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси кылып дайындоо тууралуу жардыкка бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Т. Абдраимов 2008-жылдан тарта Түштүк Кореяда Кыргызстандын элчиси кызматын аткарууда. Эми ал эки элчилик кызматты айкалыштырып иштемекчи. Президенттин дагы башка жардыгы менен Жээнбек Кулубаев Монголия менен Сингапурдагы Кыргызстандын элчиси кызматка бекиди. (EBM)