Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ынтымак курултайда айтылган маселелер боюнча кеңешме өттү


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, алгачкы кеңешмеге өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппаратынын жетекчиси, облус губернаторлору, шаар мэрлери жана райондун акимдери катышты. Президенттин аппаратынын жетекчиси Каныбек Жороев анда жер-жерлерде эл менен иштөөдөгү маселелерди белгилеп өттү. Ынтымак курултайда чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин начар деп баалап жатканын айтты. Өкмөт башчы Данияр Үсөнөв өкмөттүн энергетика, айыл чарба жана салык саясаты боюнча кеңери маалымат берди. Ынтымак курултайы Бишкекте 23-24-март күндөрү өткөн. Келишкис оппозициянын өкүлдөрү Ынтымак курултайдан майнап чыкпасын айтып катышуудан баш тартышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG