Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Ирактын, Ооганстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттерин коноктоду. Тегерандагы Садабад ак сарайында кечээ өткөн салтанат мамлекеттик сыналгыдан түз алып көрсөтүлдү. Нооруз аталган өлкөлөрдүн ар биринде майрамдалат. Дасторкон үстүндө Ахмединежад бул өлкөлөрдүн ортосундагы «коллективдүү кызматташтык» тууралуу кеп козгоду.