Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Рим Папасы Ыйык Жуманы ачты


Кызыл Тал Жекшемби Таатынын башталышында поп Бенедикт коштоочулары менен Ватикандагы Ыйык Петер аянтына келди. Кызыл, сары баркуттан саймалуу кооз кийим кийген поп палманын жана зайтунтун бутактарын кармаган динзарларга кол булгады. Кызыл Тал Жекшембисинде ал кезде жөөттөрдүн шаары болгон Иерусалимге Иисус Христостун салтанаттуу кириши майрамдалат. Христос кийинки жума күнү дарга асылып, Пасха Жекшембисинде кайра тирилген деп саналат. Кол алдындагы дин кызматкерлеринин жаш балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөнү боюнча Рим Папасы Германияда экенинде тийиштүү аракет көрбөгөндүгү тууралуу айыптоолор бул ири майрамда Католик чиркөөсүнө бетке чиркөө болууда.

XS
SM
MD
LG