Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Нарында борбордук аянтка 1 миңдей киши чогулду


Учурда Нарында иш сапары менен жүргөн премьер-министр Данияр Үсөнов менен жолугушууга аянтта даярдалган атайын эки жүзгө чукул отургучтун алдыңкы катарын жергиликтүү бийлик тарабынан чакыртылган адамдар менен “Электр энергиясынын жана жылуулуктун баасын төмөндөтүү” кыймылынын мүчөлөрү талашып, укук коргоо органдары тартипке келтирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы билдирди. Ушу тапта өкмөт башчы облустук администрациянын имаратында. Маалыматтарга караганда Данияр Үсөнов Нарын эли менен жолугушуп, 27-марттагы президент Курманбек Бакиевдин кол койгон "Бийик тоолуу, алыс, барууга кыйын аймактарда жана чек ара райондорунда жашагандарга мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары тууралуу" жарлыгы, өкмөттүн иши тууралуу маалымат берип, эл менен пикир алышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG