Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Нарындыктар Жетим тоодогу чалгындоо ишин токтотууну талап кылууда


Нарын шаарынын борбордук аянтындагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен жолугушууда жергиликтүү эл Жетим тоодогу чалгындоо иштерин токтотууну талап кылышып, темир кенин каздырууга жол беришпестигин айтышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы билдирди. Премьер-министр Жетим тоодо темир кенинин чалгындоо иштерин чет элдик үч фирма жүргүзүп жатканын, алардын бири Кыргызстандыкы экенин айтып, азырынча кенди казуу иштери тууралуу маселе жок экендигин белгиледи. Жергиликтүү бийлик жолугушууга 3 миңдей адам катышууда десе, байкоочулар 5 миңден ашуун киши катышып жатканын билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG