Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Павлюктун өлүмүнө шектелген кыргыз жарандары боюнча маалымат келе элек


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын эл аралык байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Мурзакулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстандын укук коргоочуларынан журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар делип шектелип жаткан Кыргызстандын жарандары жөнүндө Башкы прокуратурага кайрылышкан эмес жана маалымат келип түшкөн жок. “Эгерде бул маселе боюнча бизге алар кайрылышса конвенциянын негизинде карап чыгабыз”,-дейт Т.Мурзакулов.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде 26-мартта Казакстандын Кордой шаарчасында Алматанын тартип коргоо кызматынын тергөөчүлөрүнө суракка чакыртылганын, анда казак тергөөчүлөрү Г.Павлюктун өлүмүнө шектүү деп көрсөткөн беш сүрөттүн ичинен Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын билдирген.

УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу казак укук коргоо органдарынан эч кандай расмий кайрылуу болбогондугун тастыктап, бул тууралуу маалыматы жоктугун “Азаттыкка” кабарлаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG